01.12.2020 / 15:00

15.12.2020 / 18:00

Жердеги жылдыздар

«…Биз ченемден айырмаланып турабыз. Бирок, дал ушул ар түрдүүлүк дүйнөнү чабал кылбастан, тескерисинче, бай жана күчтүү кылат. Коомдун ар түрдүүлүгү көйгөй келип чыккан учурда ар кандай акылдуулар колуңузга кол болот, кимдир-бирөө чечимдердин жолун табат”. Бул “Жаңыртуу” ККФ менен “Явна” “Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби” Фондунун өзгөчө балдардын эмгектеринин көргөзмөсү. Ал көргөзмөдө колдонмо көркөм өнөрүнүн ар кандай техникалары: колго жасалган декорациялык куурчактар, кийизден жана кездемеден жасалган паннолор, белек-бечкектер, живопись, графика, квиллинг, пластилинден жана чоподон жабыштырып жасалган буюмдар жана башкалар көрсөтүлөт. Көргөзмө инклюзивдик чыгармачылыкка арналган, ал “Жаңыртуу” Коомдук Кайрымдуулук Фондунун 15 жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарат. Биз жетишкен натыйжаларыбызды, ийгиликтерибизди жана майыптыгы бар балдардын эң сонун эмгектерин коомчулук менен бөлүшүүнү каалайбыз. Ар бир бала өз алдынча зээндүү, бул дүйнөгө өзүнүн кайталангыс, жекече мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү менен келет. Биздин милдет балдарга өз талантын ачып көрсөтүүгө жана өз кыялдарын жүзөгө ашырууга жардам берүү болуп саналат. Көргөзмөнүн алкагында төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү пландаштырылып жатат: • Көзү азиз акын кыз Татьяна Ушакованын «Фиолетовый си-бемоль» деген китебинин бет ачары – 2020-жылдын 5-декабрында, саат 14.00дө; • Мааракелик кече жана “Жаңыртуу” ККФ 15 жылдык ишмердигинин бет ачары - 2020-жылдын 8-декабрында, саат 15.00дө; • “Мен сени көрүп турам” инклюзивдик кино спектаклди ачык көрсөтүү жана талкуулоо - 2020-жылдын 13-декабрында, саат 14.00дө; • Музейдин залдары боюнча инклюзивдик экскурсия. Сиздерди өзгөчөлүү адамдардын чыгармачылыгын чагылдырган кызыктуу дүйнөсүнө аралашууга чакырабыз. Пейлиңерди кенен салып, жакшы кубат алып жана балдарды колдоп коюңуздар. Бардык иш-чаралар өтө жоопкерчилик менен жана коопсуздук чараларын, социалдык аралыкты жана бет кап тагынуу режими боюнча талаптарды сактоо менен өткөрүлөт. ЖМК үчүн катнашуу: “Жаңыртуу” ККФ өкүлү Анастасия Колодяжная - (+996555000414, +996702062216, janу[email protected])