27.08.2021 / 15:00

13.10.2021 / 17:30

"Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинин фондундагы 1991-2021-жж. аралыгындагы жаңы топтомдор" көргөзмөсү

Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин фондунан алынган көргөзмө Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн 30-жылдыгына арналган. Көргөзмөгө, музейге 1991-2021-жылдардын аралыгында топтолгон Кыргызстандын, Туркиянын, Россиянын, Түркмөнстандын, Молдованын, Япониянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрүнүн живопись, графика жана жасалга-колдонмо өнөрүнүн чыгармалары коюлган. Кыргыз Республикасы 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден баштап, өлкөнүн тарыхын кайра ойлонуштуруу менен улуттук аң-сезимди, анын руханий негиздерин кайра жаратууга башат салган. Бул мезгилде, музейдин фондун кыргыз көркөм сүрөт жана жасалга-колдонмо буюмдары менен толтуруу жана өнүктүрүү зор мааниге ээ болгон, алар ар дайым музейдин ишинин артыкчылыктуу багыты болгон жана ошону менен бирге музей өз коллекцияларында пост советтик республикалардын жана алыскы чет өлкөлөрдүн көркөм өнөрүн чагылдырууга аракет кылган. Музейдин коллекцияларын толуктоо Маданият министрлигинин, музейдин өзүнүн сатып алуу комиссиялары тарабынан, экспедициялардын аркасынан алынган жолдор менен жүргөн. Келип түшкөн чыгармалардын көпчүлүгү сүрөтчүлөрдүн тартууларынын эсебинен түзүлгөн. “Жаңы мезгилдин” живопись, графика, айкелчилик жана декорациялык-колдонмо өнөрү жаңыча көркөмдүк мамиле, автордун чыгармачылык өзгөчөлүгү менен айырмаланып, сүрөтчүнүн ар түрдүү умтулууларынан жана өтө кызыктуу чыгармалардан турат. Көпчүлүк эмгектерде авторлор жаңы милдеттерди, темаларды өздөштүрүп, мейкиндик менен өз ара мамиледе болуп, көркөм сүрөт өнөрүндө орун алган негизги кубулуштарды, процесстерди жана тенденцияларды чагылдыруу менен заманбап тематиканы жүзөгө ашыруунун кыйла алгылыктуу ыкмаларын издешүүдө.