12.11.2021 / 11:00

25.11.2021 / 17:30

«Алтын уютку» аттуу Турсункулов Асан Амановичтин жеке көргөзмөсү

Турсункулов Асан Аманович 1961-жылы 7-июлда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Кашка айылында туулган. 1985 – жылдан тартып эл аралык жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1997-жылдан баштап Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, сүрөтчү Турсункулов Асан Амановичтин эркиндикке арналган «Алтын уютку» «Кылым дастаны» «Буюккан кайран жылдыздарым» деген жеке көргөзмөсү ачылууда. Көргөзмө сүрөтчүнүн 60 жылдыгына арналган чыгармачылык отчет болуп саналат. Көргөзмөдө 34 (живопись - 13 жана графика – 21) сүрөтү, чыгармачыл иш-аракеттеринин башталышынан бери автордун белгилүү чыгармалары жана акыркы иштери көрсөтүлмөкчү: • «Алтын доордун көрүнүктүү адамдары» • «Кылымдын санжырасы» «Менин өчкөн жылдыздарым» • «Алтын аяк» • «Ата-бабанын изи менен» Асан Аманович: «Мен улуу элдин уулу болгонума сыймыктанам. Биздин урпактар да бул миссия менен сыймыктанат деп ишенем. Элим Кудайдын белегин алып жүрөт. Көптөгөн ыйык нерселерди эске алып, аларды сүрөттөрүмдө чагылдырууга аракет кылам».