Кылым карытар бир күн. Ч.Айтматов. «Жүрүшү» фильм үчүн эскиз

Жанр

Бытовой

Мезгил

Кыргызское искусство 1930-1991

Материал/техника

Таар, май боек

Түзүү күнү

1986

Өлчөмү

37х80

Номери

10401-2595-ж


Матураимов Жыргалбай

1955

Кино сүрөтчүсү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1955-жылы 19-майда Ош облусунун Ак-Жар айылында туулган. 1974-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1984-жылы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн. 1974—1975-жылдарда - Ош шаарындагы көркөм-өндүрүштүк цехтерде иштеген. 1984-1986 жылдары — «Кыргызфильм» киностудиясында. 1986-жылдан графикалык дизайн боюнча бир жылдык курстун окутуучусу. Анын чыгармаларында кыргыз элинин турмушун, каада-салтын, үрп-адатын жакшы билгендиги, туулган жерге болгон сүйүүсү чагылдырылган. «Көпүрө» (реж. А.Камчыбеков), «Сен кимсиң, Элли» жана «Жиндин түнү» (реж. М. Миңжылкиев), «Сүйүүчүлөр» (реж. А. Камчыбеков жана Ж. Сооданбек). Республикалык, Бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Матураимовдун эмгектери Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде. Г Айтиев, ошондой эле Кыргызстандын жана чет елкелердегу жеке коллекцияларда. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.