19.08.2022 / 15:00

04.09.2022 / 18:30

ТҮШТҮК АВАНГАРД

2022-жылдын 19-августунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде ТҮШТҮК АВАНГАРД көргөзмөсү ачылат. Бул сүрөт көргөзмөсү BILIMKANA мектеп тармагынын жана TOLON MUSEUM коомдук фондунун стипендиялык программасынын алкагында уюштурулууда. Кыргызстандын түштүгү живопистин салттарына бай. Туңгуч эл сүрөтчүсү, кыргыз пейзажынын уникалдуу мектебинин жаратуучусу Гапар Айтиев ушул жерде туулган! Түштүк – кыргыз модернизминин мекени! Анын тамыры ушул жерден эң күчтүү бутактарды берген. Булар – Сатар Айтиев, Аман Асранкулов, Жамбул Жумабаев, Батыр Жалиев, Кадыржан Тургунов сыяктуу атактуу сүрөтчүлөр. Түштүктүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери ар дайым өз алдынча ой жүгүртүүсү менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, тайманбаган эксперименттери менен искусство күйөрмандарын таң калтырып, өзгөчө композициялык жана түстүк табылгалары менен кесиптештерин шыктандырып келген. Дал ушул жерде сүрөтчүлүк авангарддын салттары күчтүү! Дал ушул жерде жаңы кылымдагы жаңы, күчтүү жана энергиялуу живопистик идеялар пайда болот! Түштүктө таланттуу сүрөтчүлөр көп. Бул жерде реалисттик салттарды карманган авторлор жашап, эмгектенип келишет. Бул жерде живописчи-экспериментаторлордун чыгармачылыгы кубатталат. TOLON MUSEUMдин стипендиялык программасында живопистин жардамы менен сүрөтчүлөр коомдун көңүлүн социалдык көйгөйлөргө бурууга, авангард линиясын актуалдаштырууга аракет кылышты. Ошондой эле, Ислам искусствосунун көйгөйлөрүнө, сүрөтчү менен диндин өз ара аракеттенүүсүнүн көйгөйлөрүнө жаңыча көз караш менен кароого аракет кылышты. «Түштүк авангарды» көргөзмөсүнүн катышуучулары негизинен « Социалдык искусство: идентификация долбоору» көргөзмөсүнүн катышуучулары болушту. Бул көргөзмө 2021-жылдын декабрь айында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде чоң ийгилик менен ачылган. Биз бул эң сонун демилгени уланттык! «Түштүк авангард» көргөзмөсүнө чоң түрткү болгон «Түштүктүн авангарды-21» көргөзмөсү экендигин баса белгилей кетүү керек! Бул маанилүү иш-чара да 2021-жылдын жай айларында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи тарабынан уюштурулган. «Түштүк авангарды» көргөзмөсүнүн бет ачары түштүктөн, Ош шаарынан башталышы символикалуу. Ал эми көргөзмө Бишкекке коюлат. Көргөзмөнүн катышуучулары белгилүү, таланттуу, өзгөчө авторлор. Алар – Жалиев Улан, Камалов Латип, Мырзаев Абдусамат, Самидинов Алмасбек, Төлөнов Ырысбай, Урманов Исмаил. Сүрөтчүлөр 2022-жылы иштей башташты жана дээрлик 8 ай эмгектеништи. Мына эми алардын эмгегинин жыйынтыгы искусство күйөрмандарынын сынына тартууланганы турат. Түштүк живопись мектеби уланып жатат жана байып келет. Буга облустун сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөдөгү активдүү ишмердиги далил. Буга дал ушул экспозиция далил! «Түштүк авангарды» көргөзмөсүнүн ачылышы 2022-жылдын 19-августунда саат 15:00до Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде болот. Көргөзмө 4-сентябрга чейин уланмакчы.