24.08.2023 / 15:00

01.10.2023 / 17:30

Салттуу мурас, Жаңылануу, Ой – толгоолор Жумабай Уметовдун 90 – жылдык мааракесине арналган көркөм - колдонмо өнөрү жана көркөм - өнөр таануу боюнча көргөзмө – сынак

Кыргыз кесипкөй кол өнөрчүлүк искусствосунун негиз салуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жумабай Уметовдун иштеринин көргөзмөсү, сүрөтчүнүн 90 жылдыгына арналган. Жогорку билимдүү кесипкөй сүрөтчү Жумабай Уметов ХХ кылымдын 70-90-жылдарындагы көркөм - колдонмо өнөр искусство тармагындагы новатор катары таанылган. Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 1963-жылдан тартып – СССР сүрөтчүлөр бирлигинин мүчөсү. Жумабай Уметов – эң алгачкы улуттук, кесипкөй, көркөм кол өнөрчүлүк сүрөтчү болгон. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгы өлкө ичинде жана чет өлкөдө кеңири таанымал, өлкөнүн сүрөт өнөр маданиятында ачык, өзүнө гана таандык касиеттерге ээ болгон. Кыргызстан темасы, ата-мекен темасы – анын чыгармачылыгынын өзөгүн, анын монументалдуу-декоративдик ишинин негизги маңызын түзгөн. Уметовдун чыныгы таланты эң кубаттуу болуп дал ошол чыгармаларында ачылган, алар керемет кооздукту, жердин өмүр тартуулаган күчүн, элдин кайраттуулугун, жан дүйнөсүнүн аярлыгын ачып берүүгө жетишкен. Анын ала-кийиздери жана чийден жасалган декоративдик паннолору өзүнүн көрктүүлүгү жана теманы көркөмдөп ачып берүүсү менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, көз жоосун алып турат. Көргөзмөдө музейдин фондунан Жумабай Уметовдун кийизден жана чийден жасалган 26 иши коюлган. Кыргызстандын көркөм колдонмо өнөрү абдан көп тармактуу, көп кырлуу, ар кандай жердиктер менен коштолот (булгаары, тери, жүн, жыгач, кездеме, чопо, чий ж.б. у.с.). Сүрөтчү - чеберлер, элдик чеберлер, зергерлер өз ойлорун, каада-салтын, тарыхын, келечегин, элдик жана заманбап технологиянын тили менен чагылдырып, өнөрүбүздүн өнүгүшүнө, калыптанышына, чоң салымдарын кошууда. Бул көргөзмөнүн аталышы айтып тургандай «Салттуу Мурас, Жаңылануу, Ой жүгүртүү». Ушул үч чоң тема бул көргөзмөдө чагылдырылган. Ар бир көрүүчү өз суроосуна, оюна толугу менен жооп алса болот (көчмөндүүлүктөн баштап азыркы заманга чейинки, андан ары келечекке карай багытты көрсө болот). Көргөзмөнүн дагы бир максаты - глобализация доорунда өнөрүбүздүн улуттук өзгөчөлүгүн, өз өңүн, жүзүн, стилин сактоо менен бирге туура өнүгүшүнө шарт түзүү, жаш таланттарга туура багыт берүү менен эстетикалык табитин калыптандыруу. Көргөзмө-сынакка катышкан сүрөтчү чеберлердин иштери ар түрдүү багытта, темалары абдан кызыктуу, көркөм ой жүгүртүүлөрү, чеберчилиги жогорку деңгээлде. Кырктан ашык атаандаштар, жүздөн чукул иштерин комиссияга сунуштап, конкурстун жобосу менен талап катуу коюлуп, аягында 33 автордун 45 ашык иштери көргөзмөгө кабыл алынды.