14.09.2023 / 15:00

01.10.2023 / 17:30

Джалиев Улан Батыровичтин жана Мергенбаева Гульнафис Нургалиевнанын көргөзмөсү

Джалиев Улан Батырович Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, живописчи Батыр Джалиевдин үй бүлөсүндө 1962-жылдын 29-декабрында Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Сүрөт өнөрүнө билимин С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайында жана Алма-Ата театралдык-көркөм институтта алган. Улан Джалиев ар тараптуу сурөтчү, өз алдынча маани жана кабылдоону сунуш кылган живописте жана дизайнда да мыкты иштей алат. Консептуалдуу-масштабдуу мүнөздөгү милдеттерди аткаруу сүрөтчүнүн таасири алдында турат. Джалиевдин сүрөтчүлүк ишкердиги образдар менен аллегорияларда даан көрүнүп турган туюм- ички сезим-аң сезим аралашмаларында курулуштурулуп, кыргыз искусствосу үчүн салтуу болуп саналбаган образдуу форма жаратуучу тапшырмаларды аткарууга умтулат. Улан Джалиев Эл аралык артсипозиумдун, республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин (союзунун) мүчөсү. Сүрөтчүнүн аткарган иштери Ош областтык сүрөт өнөр музейинин коллекцияларында жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин Ош бөлүмүндө, ошондой элк Кыргызстандын, Казакстандын, Түркиянын, Пакистан, Кытай, Америка жана Орусиянын жеке коллекцияларында турат. 2017-жылы сүрөт өнөр искусствосуна кошкон салымы үчүн Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. Мергенбаева Гульнафис Нургалиевна 1962-жылдын 4-сентябрында Казах ССРинин Кайнар айылында туулган. Өзүнүн чыгармачылык жолун Алматы шаарындагы А.Тансыкбаев атындагы көркөм окуу жайына тапшыруудан баштаган, ал эми 1994-жылы Т.К.Жургенов атындагы Казак Улуттук искусство Академиясын аяктаган. Гульнафис Нургалиевнанын иштери тигил же бул тиешелүү материалдын өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген каражаттар менен ыкмалдардын кылдат ойлонуштурулгандыгы менен айырмаланып турат. Жашоону образдуу көрө билүү тармагындагы, теманы сиволдордо, аллегорияларда жана метафораларда ачып берүүдөгү белгилүүбир кубулштар синтезин жаратуу анын өзгөчө таланты болуп саналат. Ар бир чыгарманын үстүндө иш алып баруу ал үчүн салттар менен азыркы заманды аңдап билүүнүн жана өз ара байланыштуулугу көп кырдуу жана татаал жүрүм болуп калган. Гульнафис Мергенбаева пленэр боюнча эл аралык долбоорлордун, аймактык, республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу, 2007-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин мүчөсү. Көптөгөн сыйлыктар менен төш белгилердин ээси. Аткарган иштери Кыргызстандын (Ош шаары), Казакстандын (Семей шаары) музейлеринде, ошондой эле Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жеке коллекцияларында турат.