14.12.2020 / 11:00

28.02.2021 / 18:00

Ар кыл көркөм көргөзмөсү “КУТТУУ БОЗ-ҮЙ.ЮРТА БЛАГОДАТНАЯ.THE BLESSING YURT”

Сүрөтчү Алтынай Осмоева, кыргыздын касиеттуу боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык коз карашын, заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Кыргыз эли жаралганы турмуш тиричилигинде кенири пайдаланган нукура жердиктер жун, тери, жыгачтан жасалган укмуштай боз уйлор, корком буюмдар, алардын жасалыш озгочолугу, колдонулган мааниси, тарыхы суротчуну шыктандырган. Суротчунун коруучулорго арнаган жаратмандык коз карашындагы чыгармачыл инсталляциялары “Алачык” ,“Кут”, “Бата” кыргыз элибизге таандык каада салттар, адамга онор аркылуу берилуучу касиет, кут, береке, ырыскы, ниет, пейил менен аалам ортосундагы байланышты түшүнүүгө жардам берип, коруучулордун жан дуйносуно ийги, таза, аруу оюн тартуулайт. Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулары, фотосүрөттөр, видеотасмалар толуктайт. Көргөзмөнүн ачылышы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 11-декабрда, саат 14:00 дө ачылат. Маданияттын, искусствонун жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана жаштардын катышуусунда “Боз үй- каада салттар жана баалуу жаратмандык” темасында талкуу саат 15:00 дон 17:00 го чейин болот. Талкуулоодо бугунку кундогу каада-салттарды сактоо жана анын өнүгүшү, мурастарды чагылдырган заманбап искусствону өнүктүрүү, жалпы коомдун маданий агартуу маселелери, өзгөрүүлөр доорундагы салттуу маданий баалуулуктардын жана кыргыз элинин этикалык нормаларынын актуалдуулугу каралат. Бул талкуулоо менен бирге көргөзмө – сүрөтчүнүн көрүүчүлөр менен бирдиктүү ой жүгүртүүсү жана анализ кылуусу үчүн өзүнчө бир платформа (аянты) болуп эсептелет. “Боз үй -кыргыз элимдин, улутубуздун, үй-бүлөлөрдун биримдигин билдирет. Чексиз ааламда бизди жалпы түндүк бириктирип турат! Маданий мурас өткөн доорго гана эмес, биздин бүгүнкүбүзгө, эртенкибизге да таандык. Бүгүнкү чындыкты чагылдырган заманбап искусство коомдук өнүгүүнүн маданий баалуулугу жана керектүү элементи болуп саналат. Көргөзмөдө көрүүчүлөр өздөрү үчүн кандайдыр бир жаңы нерсени ача алышат деп үмүттөнөм” – дейт Алтынай Осмоева Бишкектеги көркөм өнөр музейиндеги көргөзмө аяктаган соң, ал көргөзмө Ош, Нарын, Талас шаарларында жана Ысык-Кол областында уланат. Мультимедиялык коргозмо “Куттуу боз-үй.Юрта благодатная.The Blessing Yurt” Алтынай Осмоеванын жеке чыгармачыл идеясы Фонд «Сорос-Кыргызстан» тарабынан «Стипендия в области искусства» 2020 демилгеси аркылуу колдоого алынды. Контактный телефон: 0700 876 299 ЛОГОТИПЫ ПАРТНЕРОВ: ФСК, КНМИИ им.Г.Айтиева, Центр Кочевой Цивилизации им. Курманжан Датки. МФ «Инициативы Розы Отунбаевой», ОФ «CACSARC-kg», серия проектов “Эсимде”, ОФ “Фелт-Арт Студия”, Wool_kg, IZZZO Market Place, “WANT студия”.