22.06.2021 / 11:00

30.08.2021 / 17:00

«Муун байланыштырган өнөр» көргөзмөсү

Экспозициянын негизин Александр Илларионович Игнатьев жана анын үй-бүлөсү: жубайы Асылбекова Диль-Афруз, кызы Диль-Фируз, жана күйө баласы Теодор Теодорович Герцендин живопистик сүрөттөрү түзөт. Александр Илларионович Игнатьев (1906-1998) Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, анын чыгармачылыгы 1930-1970-жылдары Кыргызстанда көркөм өнөрдүн жаралышы жана өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. А.И. Игнатьев Белгород облусунун уезддик чакан Валуйки шаарында туулган. 1930-жылы Воронеж сүрөт-педагогикалык техникумун аяктагандан кийин Кыргыз ССР Эл агартуу элдик комитетинин Кыргыз педагогикалык техникумунда сүрөт боюнча окутуучу болуп иштөө сунушун кабыл алган. Чуйков менен таанышып, ал чыгармачылык бирликти уюштуруу жана биринчи сүрөт көргөзмөсүнө даярдык көрүү үчүн жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн башын бириктирген. Сүрөтчүлөр Бирлигинин башкармасынын тапшырмасы боюнча картина галереясы ачылгандан кийин Игнатьев анын алгачкы директору болгон. Сүрөтчүнүн турмуштук жана чыгармачылык жолу узак жана кызыктуу болуп, чоң жетишкендиктер менен коштолгон. Анын жанрдык кызыкчылыктарынын диапазону, анын дээрлик бардык түрлөрүн камтыган: пейзаж, портрет, тематикалык картина. Өзүнүн жаңы мекенинин тарыхына кызыккандыктан А.И. Игнатьев 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүнө, демократ-акын Токтогул Сатылгановдун турмушуна, Улуу Ата-Мекендик согушка арналган картиналарды тарткан. 1960-жылдары анын турмушунда жана чыгармачылыгында Токтогул ГЭСи пайда болгон, курулуш башталгандан тартып ал аяктаганга чейин анын санжырасын жазган. “Токтогул” жөнүндө картиналар цикли үчүн ал Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. 1964-жылы Александр Илларионович Валуйкада көркөм сүрөт музейинин негиздөөчүсү болуп калган, азыркы тарыхый-сүрөт музейи, ал анын гана чыгармаларын гана эмес, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн көп эмгектерин тартуулаган . Сүрөтчүнүн турмушунда жана чыгармачылыгында анын айланасындагылар, биринчи кезекте үй-бүлөсү чоң ролду ойногон. 1930-жылы жаш сүрөтчү Казакстандык бий ансамблинин, жаш бийчиси Диль-Афруз Асылбекова менен таанышкан, ал кийин анын өмүрлүк жары болуп калган. Александр Илларионович менен Диль-Афруз Мухамедовнанын ортосунда эки бала: уулу Искандер жана кызы Диль-Фируз төрөлгөн. Диль-Афруз Мухамедовна Асылбекова (1916-2000) Караганда облусунда туулган. Анын кесиптик атайын билими болгон эмес, бирок, сүрөт тартуунун базалык негиздерин, келечектеги жубайы иштеген, окутуучу сүрөт студиясында алган. Өтө таланттуу сүрөтчү болуп чыгып, ал 1935-жылы өз алдынча үйрөнчүктөр боюнча экинчи республикалык көргөзмөгө катышып, эң жөнөкөй стилде тартылган өтө кооз жана живопистүү натюрмортторун көргөзгөн. Музейдин коллекцияларында анын кайталангыс алты натюрморту сакталып турат, алардын эң алгачкысы 1935-жылы, ал эми акыркысы 1988-жылы тартылган, бул Диль-Афруз Мухамедовна өмүр бою кыл калемин жана боекторун колунан түшүрбөгөндүгү жөнүндө айтып турат. Ал сейрек болсо да ар башка, анын ичинде Александр Илларионовичтин мекени Валуйки шаарындагы көргөзмөлөргө катышкан. Диль-Фируз Александровна Игнатьева (1937-2000), биздин республиканын эң таланттуу сүрөтчүлөрүнүн бири, ал Кыргызстандын көркөм сүрөт өнөрүнө натюрморттун чебери катары кирген. Фрунзе сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин, ал «Памяти 1905 года» Москва сүрөт окуу жайында окуган. Москва менен Ленинграддын музейлеринде дүйнөлүк көркөм сүрөт шедеврлери менен таанышкандыгы анын көркөм сүрөт жөнүндө жеке билимин кеңейтип, өзүнүн живопистик тилин жана чыгармачылыкта аны билдирүү ыкмасын табууга жардам берген. Живописчи катары Диль-Фируз Александровна натюрморт жанрында зор ийгиликтерге жетишкен, пейзаждык, портреттик жана турмуш-тиричилик жанрында да иштеген. Анын турган турпаты боюнча кылдат, колорити боюнча кооз натюрморттору жана пейзаждары кыргыз сүрөт өнөрүн байыткан. Кыргызстандын графикасын жана монументалдык живописин өнүктүрүүгө Диль-Фируз Александровнанын жубайы, А.И. Игнатьевдин күйө баласы, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, республикалык сүрөт Академиясынын анык мүчөсү, “Даңк” орденинин ээси, ысмы Кыргызстан менен Германияда кеңири таанымал - Теодор Теодорович Герцен (1935–2003) чон салым кошкон. Фрунзе сүрөт окуу жайынын бүтүрүүчүсү, андан кийин Москва жогорку сүрөт-өнөр жай окуу жайынын (мурдагы Строганов) монументалдык-декорациялык живопись факультетин аяктагандан кийин, ал көп жылдар бою борбор шаардын жана Кыргызстандын облустарынын коомдук имараттарынын көркөм-эстетикалык келбетин түзүү боюнча көп иштеген. Анын чыгармачылык чабыттары өтө ар түрдүү. Сүрөт жаатына 40 жыл иштеген мезгилде Герцен сүрөтчү-монументалист катары, ошондой эле китептердин иллюстратору, пастелдик жана боек пейзаждарынын автору катары өтө кызыктуу эмгектерди жараткан. Ал жүздөгөн эң мыкты пейзаждарды, ошондой эле портреттерди жана натюрмортторду, гравюралардын циклдерин жана серияларын жараткан. Монументалдык жана станоктук өнөрдүн ар кандай техникаларын колдонуу менен китеп графикасында иштөө менен Герцен ар бир эмгегинде сүрөткө өзгөчө көңүл бөлгөн: ал эң чебер тартуучу болгон. Өз өмүрүнүн акыркы жылдарында сүрөтчү альбомун жана пастелдик калемин колунан түшүргөн эмес. Ал түгүл Германияга кеткенден кийин да пейзаждарды: өзү өсүп-чоңойгон, таанымал болуп, бактылуу өмүр сүргөн жерлердин “портретин” тарткан. Бир үй-бүлөнүн сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү “өркүндөп өсүүнүн чеги жок” экендигин көрсөттү: төртөө тең көркөм сүрөт өнөрүнө баш-оту менен кызмат кылып, ар бири өз өмүрлөрүн эң мыкты чыгармаларды жаратууга арнашкан.